Жалал-Абадда 59 жаштагы кишини сабады деп шектелип жаткан аялы менен баласы үй камагына чыгарылды

Жалал-Абад облусунда 59 жаштагы кишини сабады деп айыпталып жаткан аял менен баласы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сабалган кишинин баласы жана аялы Аксы райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери улантылып, экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чаралар кабыл алынат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө Авлетим айыл аймагынын 59 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 25-июнь күнү саат 20:00 чамасында аялы жана баласы экөөлөп үйүнүн ичине камап алып, уруп, денесине залал келтиришкендигин жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 144-берене ("уруп-согуп кыйноо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, тиешелүү адамдар суралып, окуянын чоо-жайы такталып, натыйжада шектүү катары жабырлануучунун 58 жаштагы А.Б. аттуу аялы жана 26 жаштагы А.С. аттуу баласы кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-07-10 23:34:46
Бир жылга камабайбы кылы7ына окунгудой кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан