Эки аялы эки башка даректе жашайт. Сузакта экинчи аял алып, той берген жарандын иши өндүрүштөн кыскартылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда экинчи аял алып, той берген жаранга карата козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Тергөөнүн жүрүшүндө экинчи аялына той өткөргөн жарандын эки аялы эки башка даректе жашагандыктан, Жазык кодексинин 179-беренеси ("эки жана андан көп аял алуу") кылмыштын курамы аныкталбагандыгына байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин Сузактын тургуну жубайы бар туруп, экинчи аялга үйлөнүп, көпчүлүккө той өткөргөнү тууралуу видео июндун башында интернетке тараган. Тойго анын балдары жана биринчи аялы да катышып, тилек айтышканы коомчулуктун талкуусун жараткан болчу.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 179-берене "эки жана андан көп аял алуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Belek1710
2021-07-10 01:39:54
эки аялга уруксатбы бизде, түшүнбөдүм?
+6
Бектурган
2021-07-11 21:28:01
Belek1710, Мыйзамда, "эки аял менен бир үйдө жашаса кылмыш" деп жазылып турат. Эки аялың менен эки башка үйдө жашасаң боло берет, бирок экинчиси менен расмий каттого туруп, ЗАГС алалбайсың и все...
0
Antiradikal3
2021-07-11 23:31:42
Бектурган, негизи 2 аял алууга уруксат жок, кылмыш жообуна тартылат дегенден кийин, 1 уйдо, эки уйдо деп атайы мыйзамга черный ход калтыруунун зарылчылыгы жок болчу. Муну чимкириктер атайы калтырышкан, оздору вдруг токол алып калса, жоопкерчиликтен качуу учун. Эми да кеч эмес, ошол мыйзамга толуктоо киргизип, 1 уйдо, 2 уйдо дегенди жоюп, мыйзамды депутат бузабы, молдосу бузабы, чекеден камаш керек, мыйзамга каршы барганы учун...
+3
portugalia
2021-07-10 03:52:29
Акча менен ооздорун жапкандыр
+3
Jelezo
2021-07-10 10:07:28
Багалса биринчи катыны макул болсо ала берсин нак эркек экен.
Менин колумдан келбейт.
+16
aikaademi
2021-07-10 10:37:34
"кылмыштын курамы аныкталбаганына байланыштуу"-ресторандагы видеосу менен аныкталып турат го
+8
Mubarak
2021-07-10 21:00:43
Еки башка жерде жашайт деп кыркартыптыр демек 2башка жерде жашабаса болобереби
+7
Rifle_I
2021-07-11 12:44:44
Колунан келсе, бага ала турган болсо бир эмес онду алсын. Бул баарынын колунан келе бербейт. Өзүн эч ким албайт, бирок каршы болгондор биринчи эркектин талабына жооп бере турган кыз болгула.
+9
Antiradikal3
2021-07-11 13:01:24
Мыйзам иштебесе, анда не кереги бар бийликтин, соттун, милициянын, президенттин? Жапаровдун кыйраткан сот реформасы ушулбу?!!

Бага алабы жокпу, мыйзамга баш ийиш керек, дакансалар! Кун толой алам деп шаар ичинде саатына 150 км ылдамдыкта машине айдап, адам уруп кетсен боло береби мисалы? Кун толой аласынбы жокпу, адам олтурсон камалышын керек. Бул да ошондой. Бир убакта 2 аялы бар экени фактпы? Факт! Демек камалышы керек. Катындары 2 башка жашаса да.
+7
Danysh1
2021-07-11 20:21:12
Antiradikal3,ал үчүн аялы арыз жазыш керек аялын бала чакасын сен багасыңбы сүйлөгөндө асманды сүйлөйсүнөр эки аялды аспебтеп багыш 100 дүн бири жок миңдин бири болушу мүмкүн
-2
Antiradikal3
2021-07-11 13:04:55
Эгер ошол мыйзам чийки болсо толуктоо киргизуу керек. 2 аял алууга уруксат жокпу, демек биротоло тыю салуу керек, мыйзамда мучулуштуктор болсо жою керек. Эки аялы эки башка даректе жашаса анда боло берет дегени эмнеси? Жапаров, 120 чимкирик эмнени карап отурат? Мыйзамда ушундай боштуктар болсо жою керек аларды.

Маскарачылык. Иштебеген мыйзамды жазгандар маскарапоздор экен бугунку бийлик баш болуп.
+7
Mister-XXX
2021-07-11 13:18:10
Antiradikal3,Эки аял алуу мыйзамда жок.Эки аял менен нике каттоого тура албайт.Эгер биринчи аялы макул болсо,эри макул болсо,экинчи аялы макул болсо,эмнеге болбосун.Бул жерде алардын укугу бузулуп жатпайбы.
Эки аял алуунун жаман жагы барбы?Көп эле эркектер эки аял менен жашап жүрөт.Көп эле аялдар экинчи болуп түрккө,кытайга,таджик,азерлерге тийип эле жүрөт.Анда аларды дагы соттосун.Зордоп алса,арыз түшсө гана жоопко тарта алат.

0
Бектурган
2021-07-11 21:30:13
Mister-XXX, Акылыңа береке, сендей айымдар көбөйсө экен))...
Никесиз, зынаа кылып жүргөндөн көрө, никесине чыгып, экинчи аялы болгону жакшы эмеспи ыя!!!...
-2
Бектурган
2021-07-11 21:26:00
Молодец братан, эркек экенсиң. Эптедиң алдың, эптей албагандар ичи күйүп ыйлай беришет...
-1
Mirnar
2021-07-12 02:02:07
Экинчи аял деген бул- токолу ( любовница) ошол эле. Ушул статусту озуно ыраа коргон аял жашай берет. Байбиче ( законная жена) болгусу келгендер экинчи аялдыкка тийбейт ( гордость не позволяет)
0
kkkk3259780
2021-07-12 09:20:04
ойноштор жонундо мыйзам барбы,
+1
Antiradikal3
2021-07-12 15:54:23
kkkk3259780, ойнош ойногондор учун мыйзам керек, Батышты карап отура бербей. Азери, тажиктер менен ойноп кетти деп ыйлактабай, ойнош ойногон эркегин да, аялын да жазалаш керек.

Анан токол алууга уруксат болсо башкаларга ойнош болушпайт деген тушунук абсурд. Катыны бар эркектер, куйоосу бар аялдар ойнош ойноп журушот. Же артынан жигиттер чуркаган "кыздар" капчыктуулар менен ойнош ойноп журушот. 2 аялдуулук ойнош маселесин чечпейт, кайра илгери токолдор ойнош кутушчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан