Чүйдө жеңил унаа менен жол оңдоочу техника сүзүшүп, 8 адам ооруканага жеткирилди

Чүйдө жеңил унаа менен жол оңдоочу техника кагылышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Москва районунун Садовая айылынын "Сударушка" дүкөнүнүн жанында катталган, анда Мерседес-Вито үлгүсүндөгү жеңил унаасы менен жол оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан техника сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган 8 адамды "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Каза болгондор жок. Жерине 4 куткаруучу саат 17:26да чыгып, саат 17:33тө жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2021-07-10 00:52:30
Садовая айылында болсо анда мерседестин айдоочусу жогорку ылдамдыкта кетип жаткан экен да. Дагы штрафтарды азайтабыз деп догурунуп жатабыз. Ушундай айдоочулар тез эле кырып коет кыргызды.
-1
Asmat84
2021-07-10 09:35:40
Rifle_I,штрафты кобойтуп азайткандан эч бир өзгөрүү болбойт эч качан штрафты кобойтуп жол эрежесин азайтабыз деп ойлобогула мына штрафты кобойтуп эч кандай өзгөрүү болгон жок мына 5 айдын ичинде эле 247 адам каза болуптур.
Андан көрө себебин башка жактан издегиле
Мисал келтирсек толтура андай себептери
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан