АКШнын Техас штатынын жашоочусу белгисиз себептен улам бир түн ичинде өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн унутуп калды. Мындай маалымат чет элдик ЖМКларда жазылды.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы июль айында 36 жаштагы Дэниел Портер эртең менен ойгонуп өзүнүн аялын, 10 жашар кызын тааный албай койгон. Ал 16 жаштагы окуучу экенин жана мектепке барышы керектигин айткан. Ал чындыкты укканда көпкө чейин ишене албай "ичип алып үйүмө чоочун аялды алып келдимби же мени уурдап кетиштиби" деп ойлогон. Күзгүдөн өзүн көрүп "эмнеге карып, толуп кеткем" деп таң калган. Күйөөсүнүн бул абалына таң калган аялы аны ооруканага алып барган. Дарыгерлер ага убактылуу эс-тутумун жоготуу деген диагноз коюшкан. Мында бейтап өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн же толугу менен унутуп калат. Дарыгерлердин айтымында, мындай абал 2-8 саатка, айрым учурда бир суткага чейин созулат. Бирок арадан 1 жыл өтсө да анын эс-тутуму калыбына келген эмес.
Ал дагы деле аялын жана кызын тааный элек, бирок жаңы жашоосун кабыл алып мурдагыдай эле жашап жатат. Эс-тутуму менен бирге жөндөмдүүлүктөрүн да унутуп калган. Ошондой эле табити да өзгөргөнүн аялы билдирген.
Дарыгерлер эмне себептен мындай болгонун так аныктай алышкан эмес, бирок катуу стресстен болушу мүмкүн деген божомол бар экендиги айтылат.