Тажикстанда жер титирөөдөн 5 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен Тажикстандын аймагында күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Каза болгондордун арасында үчөөсү мектеп жашындагы балдар болгон. Ошону менен катар эле жергиликтүү тургундардын үйлөрү жабыркаган. "Кырсык болгон жерде жергиликтүү администрациянын, укук коргоо органдарынын, өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери иштеп жатышат", - деп жазылат маалыматта.