Чүйдө 18 жаштагы жигит өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-июлга караган түнү Аламүдүн РИИБине окуя боюнча телефон чалуу болгон. Айтылган дарекке тергөө-ыкчам тобу келип, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Каза болгон адам 2003-жылы туулган Д.А. Анын жанында "Сайга" үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы жаткан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.