Биз социалдык тармакта

"Түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берилген". Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду

Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Түркиянын 10 жараны Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгына кабыл алынып, аларга паспорттор мыйзамсыз берилген. Анда Фарид Ниязовдун жетекчилиги астында президентке караштуу Жарандык боюнча комиссия Түркиянын он жаранын жарандыкка кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим чыгарып, тиешелүү жарлыкка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул факты боюнча Жазык кодексинин “коррупция” беренеси менен иш козголду. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asmat84
2021-07-10 16:24:57
Аташка убагында Кыргызстанды каалагандай калчады эле да парид сарид шоопур моопуру менен.дагы казсанар дагы да чыгат го аны жооп бергенге аташканын бүт өмүрү жетпейт
+22
al-abu-kinesz
2021-07-10 16:46:00
Ашанын ар бир куну кылмыштуулук менен откон окшойт, бардык факттарды ачыктаганга ондогон жылдар кетет ондуу.
+13
Бектурган
2021-07-10 18:02:02
Мындай паспорттор жүз миңдеген адамдардан чыгат. Кайсы бир жылы Стамбул аэропортунан эле 30 кытай Кр паспорту менен кармалбады беле. Алардан тышкары дагы толтура адам мыйзамсыз алган...
+12
ali88
2021-07-10 18:10:31
Бектурган,98 кытай
+8
Mister-XXX
2021-07-10 19:53:22
ali88,Ооба,кытайлар кыргыз паспорту менен Туркиядан кармалган.
+8
Rifle_I
2021-07-10 20:38:22
Охоо. Мындай иштеп беришсе Москвадагы кыргыз паспорт, айдоочу күбөлүк менен жүргөн өзбек тажиктер өлөт го. Тытыш керек мындай кыңыр иштерди. Дагф ийгилик, дагы жакшылап териштире беришсин.
+10
ali88
2021-07-11 09:59:06
Rifle_I,ошол жагын көзөмөлгө алышпаса,тажик,өзбектер кыргыздын атын булгап бүтүргөнү калышты...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан