
Ош облусунда 16 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси суудан табылды. ӨКМнын маалыматына ылайык, ал 9-июль күнү сууга чөгүп кеткен.
"Кара-Суу районундагы Станция айылында Савай каналына 2004-жылы туулган А.З. аттуу бала чөгүп кеткен. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин алкагында 10-июлда саат 18:40та баланын жансыз денеси суудан табылып туугандарына өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу тартылган.