Кыргыз жарандыгын Түрк жарандарына бергенге шектелип каттоо департаментинин мурдагы төрагасы кармалды

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда Кыргыз жарандыгын Түркиянын жарандарына берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схема аныкталган.

"Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин төрагасы болуп иштеген С.Д. 98 жана 99-беренелеринин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-07-11 13:10:19
Тажиктерге саткандарды деле кармагыла да бир жолу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан