"Конор Макгрегордун буту сынып". Лас-Вегаста өткөн күрөш Дастин Порьенин жеңиши менен аяктады (видео)

Бүгүн, 11-июлда Лас-Вегас шаарында UFC 264 турнири өттү. Беттеште ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегор менен америкалык мушкер Дастин Порье кез келди.

Беттештин негизги бөлүгүндө Дастин Порье Конор Макгрегорду мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Мушташ техникалык нокаут менен аяктаган, биринчи раунддан кийин Макгрегор бутунун сынганынан улам күрөштү уланта алган эмес.

Буга чейин эки мушкер эки жолу беттешкен. Биринчи беттеши 2014-жылы өтүп, анда Макгрегор жеңишке жеткен. Экинчиси ушул жылдын 24-январында UFC 257 турниринин алкагында өтүп, анда Конор Макгрегор Дастин Порьеге беттештин экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен утулуп калган.

Конор Макгрегор бутун сындырып алып, жеңилип калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-07-11 12:27:57
Ирас эле болуптур ушул конор олбоду ар кимге эле сайылып атты эле тажиктерге окшоп
+1
Tariel_tt
2021-07-11 12:29:12
ушул буту менен кече Порьени тепкен болчу.
+1
bond02
2021-07-11 12:33:36
Конор пенсияга кетти эми.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан