Буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эки өспүрүм кыз сууга чөгүп кеткени кабарланган.
Чүй ОИИББи окуянын чоо-жайын SUPER.KG порталына айтып берди.
"9-июль күнү Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө Юрьевка айылындагы көлмөгө эки кыз чөгүп кетти деген билдирүү түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөтүлгөн.
Саат 15:00 чамасында Сын-Таш айылынын тургуну 18 жаштагы К.А. жана Кызыл-Арык айылынын тургуну 16 жаштагы Э.А. аттуу кыздар достору менен эс алып, Юрьевка айылында жайгашкан көлмөдө сууга түшүп жатып чөгүп кетишкен.
ӨКМнын куткаруучулары тартылып, кыздардын жансыз денелери суудан чыгарылган. Учурда Ысык-Ата РИИБинин тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча керектүү экспертизалар дайындалган. Иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.