"Кыялдар орундалат". Месси курама командасы менен биргеликте Америка Кубогун жеңип алды

Футбол боюнча Аргентина курама командасы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарынын "Маракана" стадионунда болгон Америка Кубогунун финалында Бразилияны 1:0 эсебинде жеңип, көптөн бери көксөп жүргөн Америка Кубогун жеңип алды.

Бүгүн, 11-июль күнү Америка Кубогунун финалдык беттеши орун алды. Анда Аргентина менен Бразилия кез келип, оюн аргентиналыктардын жеңиши менен аяктады. Ошентип аргентиналык чабуулчу Лионель Месси курама команда менен биринчи жолу Кубоктун жеңүүчүсү аталды.

Ал эми жеңишке алып барган жалгыз голду 22-мүнөттө Аргентинанын жана франциялык клуб "Пари Сен-Жермендин" жарым коргоочусу Анхель Ди Мария жаратты.

"Барселонанын" форварды Месси эл аралык дебютун 2005-жылы жасаган. Ал төрт жолу ири турнирлердин финалына жетип, бирок жеңишке жетишкен эмес.

2014-жылы Аргентина Дүйнөлүк Кубоктун финалында Германияга утулуп калган (0:1, кошумча убакыт).

2007-жылы аргентиналыктар Америка Кубогунун финалында Бразилияга (0:3), ал эми 2015-жылы жана 2016-жылы Чилиге утулуп, эки учурда тең пенальти сериясында жеңилген.

Аргентина курама командасы Америка Кубогун жеңди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Бектурган
2021-07-11 13:44:17
Бул кубокту жеңгенде да, элдир балдарына окшоп жөн эле жеңип калбай, турнирдин мыкты бомбардири, мыкты ассистенти, жана мыкты оюнчусун кошо жеңдиго чиркин...
-1
aziret-92
2021-07-11 14:12:58
Бектурган,мыкты бомбардир Колумбиялык Луис Диас болду окшойт.
0
O.dembele
2021-07-11 14:45:52
aziret-92,асист жагынан Месси гол жагынантен чыгуу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан