Бишкек шаарынын 2 жашар тургуну электр менен иштөөчү эт туурагычка колун салып жиберген. Эт тарткыч баланын колун чыканакка чейин соруп алган. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Кырсыкка кабылган баланы дароо балдар ооруканасына жеткиришкен. Медицина кызматкерлери баланын колун эт туурагычтан чыгарууга жардамга КРнын ӨКМнын кызматкерлерин чакырган. Бирок колду чыгарууга мүмкүн болбогон. Сыягы, медиктер баланын колун чыканактан кесет окшоп калды.