Учурда Орусияда жүргөн ырчы, алып баруучу Сагын Эргешов жаңы клип тарттырууда. Анда эки бөйрөгүнөн жабыркап, дарыланган теле алып баруучу Айдана Жаныбекова баш каармандын ролун жаратты.
Сагын Эргешов клиптин үзүндүлөрү менен бөлүшүп, социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Ага көпчүлүк интернет колдонуучулары реакция кылып, ырчы менен алып баруучу сүйүү мамилесинде деген пикирлерин айтышууда. Орусияда жеке иштери менен жүргөнүн айткан ырчы, талкуу боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Москвада жеке ишкерлик менен алектене баштагам. Ошол иштерим боюнча жүргөм. Аны менен катар клип дагы тарттыра кетейин деп досум Айдана Жаныбекованы Бишкектен атайын чакырттым. Айдана экөөбүз жакын достордонбуз. Бири-бирибизге жардам берип эле келе жатабыз. Ата-энелерибиз дагы биздин достугубузду жакшы билишет. Айдананын ата-энеси мага ишенгени үчүн Орусияга келип клипке тартылууга уруксат беришти. Талкуу болуп жаткандай сүйүү мамилесинде эмеспиз, ал деңгээлге өтпөйт.
Азыр Айдана Орусияны кыдырып жүрөт, жакынкы күндөрү Бишкекке барып, андан ары дарылануу үчүн Түркияга кетет", - деди ал.
Буга чейин 5-каналдын теле алып баруучусу Айдана Жаныбекованын эки бөйрөгү жарактан чыгып калганы, анын жардамга муктаж экени маалымдалган. Кийинчерээк ага чет өлкөдөн ийгиликтүү операция жасалганын кесиптеши Сагын Эргешов кабарлаган.