Талас облусунун 1964-жылы туулган тургуну мас болуп алып 1951-жылы туулган бир тууган агасы менен уруша кетип, аны атып салган. Окуя 25-октябрда болжол менен саат 20ларда болгон. Бул тууралуу КРнын ИИМине билдиришкен. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргение караганда, ок жеген эркек эсине келбей каза болгон. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Ок атылган ТОЗ-8 ок атуучу куралы катталбаган болуп чыкты. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, сурак амалдары жүрүүдө.