Өмүрбек Текебаев жубайы менен бирге Бишкектеги Курманжан Датка скверинин алдында ковидге каршы эмдөөдөн өтүштү

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана жубайы Айгүл Текебаева экөө Бишкектеги Курманжан Датка скверинин алдында ковидге каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.
Ушул тапта аталган скверде "көчмө эмдөө" акциясы өтүп жатат.
Акциянын алкагында каалоочулар ковидге каршы Синофарм вакцинасы менен акысыз эмделе алышат.
Көчмө эмдөө бүгүн саат 22:00гө чейин уланат. Эртеңден тарта борбордогу соода түйүндөрүндө, аптекаларда жана башка жерлерде өтөт.
Бүгүн, 11-июлда Кытайдан 1 миллион 250 миң доза вакцина алып келингени айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан