Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалдык оюнунун алдында шаар үстүнөн учактар жазуу кылып учушту. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
"It's coming home" ("Ал үйгө келе жатат") деп жазып учту англиялык учактар.
Учактардын бул жазууну жазып учуусу Англия кубокту алып келе жатат деген мааниде. Баса белгилей кетүүчү жагдай, Англия тарыхында бир дагы жолу Европа чемпиону боло элек.
Финал Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.