Бүгүн, 11-июлда Боом капчыгайында лагерден балдарды ташып келе жаткан автобустардын катышуусундагы жол кырсыгын министрлер кабинети өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.
"1993-жылы туулган жүргүнчүлөрдүн бирине сөөгүнүн жабык сынышы диагнозу коюлган. Жабырлануучу Кемин аймактык ооруканасында. Кызга керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү, жакынкы аралыкта Бишкекке жеткирилет", - деп жазылат билдирүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тийиштүү мамлекеттик органдарга жол кырсыгынын себептери жана кырсыкка күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырган. Эртең бул жол кырсыгы боюнча өзүнчө жыйын болот.
Буга чейин Ысык-Көлдөн Бишкекке лагердеги балдарды алып келе жаткан 3 автобус кырсыкка учурап, анын кесепетинен 5 бала, бир вожатый жабыркаган.