Бүгүн, 12-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалы Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өтүүдө. Анда Англия курамасы менен Италия оюн өткөрүп жатат.
Беттештин 3-мүнөтүндө эсепти Англия курама командасы ачты. Голду коргоочу Люк Шоу киргизди. Италиянын дарбазачысы Жанлуиджи Донарумма узатылган соккуну тосо алган жок. Ошол эле учурда Италия топко көбүрөөк ээлик кылууда.
Учурда беттештин биринчи бөлүгү аяктап, командалар эс алууга кетишти.