"Евро-2020": Лондондогу финал оюн талаасына чуркап чыккан күйөрман үчүн үзгүлтүккө учурады

Бүгүн, 12-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалы Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өтүүдө. Анда Англия курамасы менен Италия оюн өткөрүп жатат.

Оюндун 87-мүнөтүндө күтүүсүздөн стадиондогу күйөрман оюн талаасына чуркап чыкты. Буга байланыштуу финалдык оюн бир аз убакытка үзгүлтүккө учурап, күйөрманды күзөт кызматкерлери алып кеткенден кийин кайрадан уланды.

Учурда оюндун негизги 90 мүнөттүгү 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Командалар кошумча 30 мүнөттүктү ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Бектурган
2021-07-12 15:24:52
Ушул европалыктар жаш бала кыял болушатко...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан