Кыргызстанда 9 айдын ичинде 202 өзгөчө кырдаал катталып, жыйынтыгында 12 адам көз жумган. Бул тууралуу Жарандык коргонуу боюнча комитеттер аралык комиссиясынын отурумунда кечээ, 28-октябрда ӨКМнын башчысы Кубатбек Боронов билдирди.
"Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген жалпы материалдык чыгым 218 миллион 603 сомду түздү. Анын 94 миллион сому селден келтирилген чыгым. Ошондой эле 9 айда 2824 өрт кырсыгы катталды",- дейт министр Боронов.
"Өрт кырсыгынан 51 адам жабыркап, 44 адам көз жумган. Өткөн жылы 2514 өрт кырсыгынан 88 адам көз жумуп, 78 адам жабыркаган",- деп кошумчалайт министр мырза.
Министрдин билдирүүсү боюнча, 2013-жылдын 9 айында куткаруучулар 217 кырсыкта жардам көрсөтүшкөнкөндүгү да маалым болду.