Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир аптанын ичинде 4788 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-июлдан 8-июлга чейин Бишкек шаарынын аймагында 4788 айдоочу жол эрежелерин бузган.
- Мас абалында унаа башкаруу - 54;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;
- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 53;
- Авто бейбаштык - 3;
- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар - 10;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 4657.
317 автоунаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайга токтотулган.