Бишкектин Октябрь районунда бак бутап жаткан эркек киши кулап түшүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 7-Апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ботаникалык бакчада болгон. Анда жашы болжол менен 40-45 жаштагы эркек киши бак бутап жатып кулап түшүп каза болгон.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, маркумдун бакта илинип калган сумкасын жерге түшүрүп беришкен.