Кара-Сууда дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын бут кийими дарыянын боюнан табылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 1967-жылы туулган эркек киши дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү Кызыл-Суу айылынын тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал психикалык жактан жабыркайт.

Туугандары өз алдынча издешип, жоголгон жарандын бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылган. Издөө иштерин улантуу максатында 9 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 3-4 чакырым аралыгын издешкен.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 12-июль күнү издөө иш-чаралар улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан