Конор Макгрегордун сынган бутуна үч жарым саатка созулган операция жасалды

Ирландиялык ММА мушкери Конор Макгрегордун сынган бутуна 3 жарым сааттык операция жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Макгрегордун бут сөөгүнө интрамедуллярдык өзөк коюлган, буттун төмөн жагындагы узун ичке сөөгү бурамалар менен бекитилген.

Ал Лос-Анжелестеги Седарс-Синай ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, операция ийгиликтүү болгон. Макгрегор клиникада шаршемби күнгө чейин болору айтылууда.

Буга чейин, 11-июлда Лас-Вегас шаарында UFC 264 турнири өткөн. Мушташ техникалык нокаут менен аяктап, биринчи раунддан кийин Макгрегор бутунун сынганынан улам күрөштү уланта алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pekin
2021-07-12 12:20:32
Экинчи буту деле соо эмес го.
0
Alia82
2021-07-12 12:53:07
Бутун сынгыр деп каргап койгон го сыягы...
+1
Rifle_I
2021-07-12 14:18:11
Alia82,алсөз кыргыздарда эле бар.
0
IOA
2021-07-12 23:47:35
Alia82 ха ха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан