Нарын шаарынын кире беришине арка коюу үчүн архитекторлордун эмгектери аталган шаардын тургундарынын сынына коюлду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сунушталган эскиздер аталган шаардын тургундарынын, ардагер архитектор, мугалим, аксакалдар сотунун, мекеме-ишкана кызматкерлеринин, жаштардын сынына коюлуп, бир катар сунуштар кабыл алынган.
Жеңүүчү аныкталган соң архитекторлор тарабынан эмгекке толуктоолор киргизилерин шаар бийлиги билдирген.