Буга чейин Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Хонда Одиссей унаасы менен Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган. Учурда Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер борборунда 9 киши хирургия бөлүмүндө жатат. Алардын арасында абалы оорлору бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган борбордон Чолпон Жардамбекова билдирди.
Кырсыктан жабыркагандар:
1. 2019-жылы туулган Э.Р. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылынын тургуну. Баш мээсинен жаракат алган, абалы оор;
2. 1979-жылы туулган Р.О. Токтогул районунун жашоочусу. Баш мээси чайкалып, жабык жаракат алган. Бутунда тытылып кеткен жаракаттары бар;
3. 1994-жылы туулган Д.Э. Ноокен районунун тургуну. Баш мээсинен жаракат алган, абалы орто;
4.1993-жылы туулган Р.У. Базар-Коргон районунун тургуну, баш мээси чайкалган, абалы орточо;
5. 1979-жылы туулган М.Р. Базар-Коргон районунун жашоочусу. Баш сөөгү сынган;
6.1977-жылы туулган М.М. Бишкек шаарынын тургуну. Ал башынан жабык жаракат алган, баш мээси чайкалган, сол жамбашы сынган, ийини чыгып кеткен;
7. 2018-жылы туулган Н.И. Бишкек шаарынын тургуну. Башынан жаракат алган, абалы орто;
8. 1988-жылы туулган Ж.У. Базар-Коргон районунун тургуну, башынан жаракат алган, абалы орто;
9. 1952-жылы туулган М.М. Базар-Коргон районунун тургуну, башынан жаракат алган, абалы оор.
"Учурда жабыркагандардын баары Кара-Көл шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө. Жандандыруу бөлүмү "кызыл зона" болуп жаткандыктан баары ушул жерге жаткырылган", - деди Жардамова.