"Евро-2020" турниринин мыкты жаш оюнчусу аныкталды

Испаниянын жарым коргоочусу Педри "Евро-2020" турниринин мыкты жаш оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу УЕФА уюмунун социалдык баракчаларына жарыяланды.

"Евро-2020" турниринде Барселонанын 18 жаштагы жарым коргоочусунун пас өткөрүү тактыгы 92,3 пайызды түздү. Педри "Евро-2020да" Испания курама командасынын катарында 629 мүнөт ойноду (6 беттеш), 76,1 чакырым чуркады (топ менен - ​​38,23 чакырым).

Испания курама командасы жарым финалга чейин жетип, Италияга пенальтилер сериясында утулуп калган.

Ал эми 11-июлдан 12-июлга караган түнү Англиянын "Уэмбли" стадионунда Италия менен Англия финалда кез келип,
Италия Англияны жеңип, тарыхында экинчи ирет Европа чемпиону аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан