Ысык-Көлдө жеке ишкерлерден акча талап кылып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (видео)

Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Июнь айынын башында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына облустун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч колдонуу, коркутуу жолу менен жеке ишкерлерден акча талап кылып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аларды кармоо үчүн Ысык-Көл ОИИБи менен УКМКнын кызматкерлеринин ичинен биргелешкен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Тергөө ыкчам иштеринин натыйжасында, ишкерлерден акча талап кылган жарандардын аты-жөнү такталып, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары турушкандыгы тастыкталган. Алар Бостери айылынын 27 жаштагы тургуну А.Т., 24 жаштагы А.Р. жана Б.Б. аттуу жарандар болушкан. Андан кийинки иликтөө иштеринде шектүүлөр мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүрүшкөндүктөрү аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 11-июль күнү шектүү А.Р. жана Б.Б. Инфинити унаасы менен бара жатышканда Бостери айылынан милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда, кийип жүргөн кийимдеринин чөнтөктөрүнөн жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынган. Андан тышкары унаанын ичинен 16-калибрдеги колго жасалган кесилген ок атуучу курал табылган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-химиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда териштирүү иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан