Кара-Көлдө 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы: Ооруканада жаткан 27 жаштагы жигит дагы каза болду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында жабыркаган 27 жаштагы жигит ооруканада каза болду. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык ооруканасынын дарыгери Чолпон Жардамбекова билдирди.

"Учурда жандандыруу бөлүмүндө 2 адам оор абалда жатат. Дагы экөөнү башка жакка алып кетишти. 27 жаштагы жигит каза болуп калды. Калгандары хирургияда", - деди Жардамбекова.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Хонда Одиссей унаасы менен Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан