Баткенде үйүндө желим бөтөлкөдө баңгизатын сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Баткен РИИБинин ыкчам кызматкерлери алынган маалыматтын негизинде Баткен шаарынын 43 жаштагы Х.А. аттуу тургунунун жашаган турак үйүн тинтүүгө алышкан. Тинтүү мезгилинде өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү баңгизатына окшогон зат 4 даана желим бөтөлкөдөн табылган. Алынган заттарга соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.
Бул факты Баткен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.