"Евро-2020" чемпиондугу аяктады. Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду беш голу менен чемпиондуктун бомбардири аталды.
Чехиялык чабуулчу Патрик Шиктин дагы беш голу бар экендигин белгилей кетүү керек. Бирок Криштиану Роналду андан кошумча көрсөткүчтөрү боюнча ашып түштү. Роналдунун эсебинде бир голго алып келген пасы бар, ал эми Шиктин эсебинде мындай көрсөткүч жок. Мындан тышкары Роналду оюн талаасында азыраак мүнөт (360) өткөргөн. Шик оюн талаасында Роналдуга салыштырмалуу көп мүнөт (404) өткөргөн.
Эске салсак, "Евро-2020" былтыр жайында өтүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырылган. Чемпиондук 11-июнда башталып, Европанын бир катар шаарларында болуп өттү. Кубоктун жеңүүчүсү Италия курама командасы болду, алар финалда пенальти тебүү менен Англияны жеңди (1:1, 3:2).