Социалдык тармактын колдонуучулары пенсионерлерге пенсиясы өз убагында берилбей жатканына нааразычылыктарын жазып чыгышты.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын райондорунун бириндеги почта түйүнүндө "пенсияга акча жок" деп жазып коюшкан.
"Бишкектин Октябрь районунда пенсия берилбейт. Пенсионерлерге акча жок деп айтышкан. Садыр Нургожоевич, муну кандай түшүнсө болот?", - деп жазган колдонуучунун бири.
Бул боюнча социалдык фондго кайрылганыбызда 10-11-июль күндөрү дем алыш күн болгондуктан, пенсиянын акчасы почта түйүндөрүнө, банктарга өз убагында бүгүн которулганын билдиришти.