2021-жылдын январь-июнь айларында 30 миң 757 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, июнь айында 5 миң 907 жаран пенсияга чыкты.

"2021-жылы июнь айында 5 миң 907 жаран пенсияга чыкты. Андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 959 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык, пенсиялар кайрадан эсептелди", - деп жазылат мекеменин маалыматында.