Биз социалдык тармакта

Бир апта мурун "шагым сынды" деген Осмоналиев: "Президенттин бүгүнкү дайындоосу мага абдан жакты"

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев Фейсбук баракчасына "Ыймандай сырым: сокку ушунчалык күтүүсүз болгондуктан, бир аз өзүмдү жоготуп бара жатып эсиме келдим. Эми жеңилбейм!",

"Эртеби же кечпи президентибиздин айланасына топтолуп алышып, коррупцияны гүлдөткөндөрдүн заманы кайгылуу бүтөт! Аз калды!" - деп жазып чыкты.

Бул жазылган посттор боюнча Каныбек Осмоналиевдин өзүнө байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Садыр Нуркожоевич кыргыздын бактысына келген инсан болду. Акыркы 8 айдан бери жасалган иштери негизинен туура. Чекесинен соттолгон баягыдай "маңгыт, даңгыт" иттер бул кишинин абийирин кетирип жатышат. Акча жасап жатышат, коррупцияга малынып алышты. Эң жакын жанында отурган адамдар. Буга чейин дагы айтып жаман көрүнгөнбүз. Шагым сынды деген сөзүм ошол болгон. Мындан дагы катуу сөз айткам, менимче жеткен окшойт, бүгүнкү дайындоосу абдан жакты. Ушундай Таалатбек Масадыковдой адамдарды алып келсе, Садыр иним кыргыздын бактысына жаралган миң жылда бир келген инсан болот. Эгер колумдан келсе анын жанында турганга даярмын.

Мамлекеттик катчыны дайындоосунда сокку мага абдан катуу болду. Ошондон баштап мага катуу чабуул башталды, анан ушундай абалга келдим. (ред: ооруп жатканын айтты) Бирок мен моюн бербейм, мындан ары күрөшөм. Садыр экөөбүз көп нерсени жасайбыз", - деди Осмоналиев.

Бүгүн, 12-июлда Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Ал эми 2-июлда Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-07-12 17:31:38
Бул кишинин башы айланып калган эмеспи?Позициясы жок ээрчиме киши экен да.Эртен Садыр бир жерге шайлап койсо дагы мактайт,алып койсо кайра ыйлайт.
+6
adilbars
2021-07-12 19:38:36
Жакшы киши! Улуттук идеяны жаратып, анын аркасына улутту бириктире ала турган инсандарыбыздын катарын баш сабында туруп толуктайт!Эң өкүнүчтүүсү мындай кишилердин аракетин, демилгесин, потенциалын максатка ылайык колдонбой калып, адашып атабыз да!
-4
Mister-XXX
2021-07-12 20:56:43
Көп жылдан бери бийликте жүрдүнүз окшойт.Өзүнүздү саясат талаасында көрсөтө албадыныз.Оштун эки мэри жогорку бийликке барбай туруп эле,кандай иштей турганын көрсөтүп койду.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан