ЖЫЛНААМА, 12-ИЮЛЬ: Борт коштоочулар күнү

12-июль - Борт коштоочулар күнү.

Борт коштоочулар күнү. Буга ишенүү кыйын болсо керек, бирок учактагы жүргүнчүлөрдү тейлеген кызматтын пайда болгонуна дээрлик 93 жыл болду. Тактап айтканда, 1928-жылдан баштап Германияда учак жүргүнчүлөрүнө кызмат көрсөтүү үчүн атайын адам кызматкер алына баштаган. Ага чейин коопсуздук маселесинен улам борт коштоочунун милдетин экинчи учкуч аткарып келген. Алгач бул кызматка мыкты ресторандарда иштеген официанттар алынган.

1930-жылдан тартып АКШда бул жумушка сулуу кыздарды тартуу башталган. Бул авиакаттамдарды жарнамалоого жакшы шарт түзгөн. Ошондой эле айымдардын салмагынын жеңил болушу да маанилүү болгон. Учурдагы стюардессалар сырткы келбетинин сулуу болушу, мүнөзү жана кесиптик деңгээлине карата жумушка алынат.

Борт коштоочулардын башкы максаты жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан