Биз социалдык тармакта

Боом капчыгайында сел жүрдү

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 14:40 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 150-чакырымын суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жолду тазалоо үчүн жерине 1 грейдер, 1 кран жана Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан