"Дөө Чыңгыздын" абактан чыкканы чуу жараттыбы? ЖАМК эмне дейт?

Бүгүн, 12-июлда кримавторитет Чыңгыз Жумагулов абактан чыкканын ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришкен.

"24.кж" агенттиги жеке булактарына таянуу менен Жумагуловдун абактан одоно мыйзам бузуулар менен чыкканын жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, Жумагулов Новопокровкадагы №3 абакта жазасын өтөгөн.

"Бүгүн ал таңкы саат 06:30да абактан чыккан. Бул убакта жумуш күнү баштала элек болгондуктан бул одоно мыйзам бузуу. ЖАМКнын төрагаларынын биринин орун басары аны эрте бошотконго буйрук берген деген да маалыматтар бар. Ал эми төрага өзү бул боюнча кабардар болбогондуктан, укканда ызы-чуу чыккан. Азыркы убакта ички иликтөө даярдалды", - деп жазат "24.кж".

Бул боюнча ЖАМКнын басма сөз кызматына байланыштык.

"Ал абактан кечээ, 11-июлда чыкмак. Ал күн дем алышка туш келип калгандыктан бүгүн чыкты. Ал эми ички иликтөө жана Жумагуловго мунапыс дайындалганы боюнча маалыматтар дайындалып жатат, кийинчерээк берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nina.alex
2021-07-12 17:34:37
Акмактар
+3
Kuban-1207
2021-07-12 17:44:58
Буларды эмне эркелетип атаи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан