Боом капчыгайында лагерден балдарды ташып келе жаткан автобустардын катышуусундагы жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
11-июль күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунда Ысык-Көлдөн Бишкекке лагерден балдарды алып келе жаткан автобус кырсыкка кабылганы маалымдалган. Жол кырсыгынан 6 адам жабыркап, алардын бешөө окуучу болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тийиштүү мамлекеттик органдарга жол кырсыгынын себептери жана кырсыкка күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырган.