Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаарынын четиндеги эс алуу жайларынын биринде обончу, аткаруучу, Бишкек шаарындагы Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжинин директору Түмөнбай Колдошовдун ыр кечеси өтөт. Бул боюнча обончунун өзүнө байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Шаардын ысыгынан тажап, салкын жай издеп жүргөндөр үчүн акын Мирлан Самыйкожо досум калаанын сыртына эс алуучу жай курган. Бул жер маданияттын очогуна айланып бара жатат десек болот. Ыр кече өткөрүү идеясы дагы ушул маданий чөйрөдөгү достор кеңешип жатып чыккан. Өтө деле көп адамга эмес, 50дөй киши үчүн ылайыктап уюштурдук. Бүгүнкү менин кечемде менин обондорум ырдалат. Өзүм ырдайм, андан сырткары Аскат Мусабеков, Үмүтай Абдышова катышат, Мирлан Самыйкожо алып барат. Жан дүйнөгө азык болгон жагымдуу кече болот деген терең ишеничтемин",- дейт Колдошов.
Буга чейин аталган жайда акын Атакан Кожогуловдун ыр кечеси өтүп, ырлары окулган.
Түмөнбай Колдошовдун буга чейин берген маегин ушул жерди басып көрүңүз.