Биз социалдык тармакта

Кытайдын койгон талабынан улам чек ара бекеттеринен өткөн унаалар кескин азайды. Эмне талап коюлган?

Кытай менен Кыргыз өлкөсүнүн чек ара бекеттеринде күнүнө 30-35 гана унаа өтүп жатат. Мындай жагдайга эмне себеп болуп жатканын бүгүн, 12-июлда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик бажы кызматынын төрөгасынын орун басары Кыялбек Мукашев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Депутаттар чек арада автоунаалардын аз өтүп жаткандыгынын себебин сурашты.

"Бүгүнкү күндө, ачык айтканда чек ара бекеттеринен 30-35 гана автоунаа өтүп жатат. Бул аз. Себеби Кытай менен сүйлөшүүдө алар Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын 70 пайызы эмделиши керек (коронавируска каршы) деген талап коюп жатышат", - деди Мукашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ala.too.456
2021-07-12 20:28:48
Кытайдан милиондогон вакцина акысыз келдиле. Эми мындай талап кылыштат. Бир ойлогондору бар окшойт. Ооооффф, ойлонгон сайын вакцина алгым келбей кеттат....
+1
nazarnew
2021-07-12 20:48:56
Бул вакцинаны нафиг албаш керек, ал сакайтпай эле кайра соо адамды тынчытат ооруга чалдыктырат,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан