"Акын кызды айтышта катуу тамашалап алып баш байгеден кур калгам", - дейт куйкум сөздүү төкмө акын Сапарбек Зулпуев
"Бир жолу төкмө акын кыз Жыпара Кожокеева менен айтышып жатып катуу тамашалап таарынтып алгам. Айтыштан кийин аябай кечирим сурап, араң таарынычын жазгам. Эмне сөз экенин айтпай эле коёюн, аябай катуу тамашалагам. (күлүп) Ошондо калыстардын ичинен аттуу-баштуу эле бир киши "Баш байге алат деп турса" деп ручкасын ыргытып чыгып кеткен, анын деле ким экенин айтпай эле коёюн. Ошентип баш байгеден куру калгам",- дейт Зулпуев.
"Калыстар калыс эле баа коюшабы?" деген сурообузга төкмө акын "Калыс эле, бул суроонун жообу сыр эле бойдон калсынчы" деп жооп берүүдөн баш тартып койду.