"Евро-2020": "Рэшфорд, Санчо, Сака". Финалдан кийин Англияда расисттик жаңжал курчуп жатат

Футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалында Италияга утулуп калган Англиянын футболчуларына карата расисттик жаңжалдар көбөйүп, ал тургай ага премьер-министр Борис Жонсон дагы реакция кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Андагы маалыматта, пенальтилер сериясына чейин жеткен финалдык оюнда пенальтини Англиядан теги африкалык футболчулар Маркус Рэшфорд, Жейдон Санчо жана Букайо Сака аткара албай калган. Мындан улам Англия Италияга жеңилип, Кубоктон кол жууган. Учурда бул футболчуларды айыптагандардын жана жактагандардын ортосунда жаңжал тутанууда.

"Бул Англия курамасы баатыр катарында сыйланууга татыктуу жана социалдык тармактарда расалык айыптоолорду укпашы керек. Бул одоно мазактоого жооптуу адамдар өздөрүнөн уялышы керек", - деген Англиянын премьер-министри Борис Жонсон.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, Англиянын башкы машыктыруучусу Гарет Саутгейт дал ушул пенальти аткара албай калган Рэшфорд менен Санчону пенальти аткарыш үчүн оюн бүтөрүнө аз калганда талаага чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-07-12 19:45:31
Элдин оозунда элек жок.Кыйкырып кыйкырып калышат.Аша чапканын жазалаш керек
0
oscar
2021-07-12 23:12:37
Тренердин күнөөсү
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан