5-июлдан 12-июлга чейин Нарын облусунун аймагында “Нелегал” шарттуу аталыштагы рейддик иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
"Иш-чарага Нарын ОИИБинин тиешелүү кызматтарынын кызматкерлери тартылып, облус аймагында мыйзамсыз миграция каналдарды уюштуруу, чет элдик жумушчу күчтү мыйзамсыз тартуу, чет өлкөлүк жарандардын (жарандыгы жок адамдардын) каттоо тартибин бузуу, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан Кыргыз өлкөсүндө эмгектик ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин бузуу фактыларын жана башка миграцияны көзөмөлдөөчү мыйзам, укук-ченемдик актылардын талаптарын бузуу фактыларын алдын алуу, эскертүү, ашкерелөө жана мыйзамдуу чараларды көрүүгө багытталган иштер аткарылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу боюнча 2 факты аныкталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 108-берененин негизинде каттоого алынып, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары чет өлкөлүк жарандардын (жарандыгы жок адамдардын) каттоо тартибин бузуу боюнча 7 факты аныкталып, Бузуулар жөнүндө кодексинин 292-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөн.