Бүгүн, 12-июлда Аксы районунда сел жүрүп 9 адамдын каза болгондугун SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун айтып берген. Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел 7 адамды агызып кеткенин, 3 адамдын сөөгү табылганын маалымдады.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүп жатат. SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун адам өмүрүн алган селдин видеосун жөнөттү.