Ушул жылдын 28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылышууда турак жайлары жабыркаган баткендиктерге курулуп жаткан үйлөр жай мезгилинин аягында берилет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев айтканын министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, министр кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяда жабыркаган Лейлек районунун Максат айылында иш сапарда жүрөт.
"Анын алкагында чек арадагы чыр-чатактын кесепетинен талкаланган турак үйлөрдүн ордун калыбына келтирүү иштери башталгандыгын жана ушул жайдын аягында колдонууга берилерин айтып өттү.
Министрлик тарабынан тажиктердин куралдуу кол салуусунан жабыркаган 136 турак жайдын орду тазаланып, 32 көчмө үй жана 61 чатыр тигилген. Жабыр тарткан элге 1 миң 716 тонна гуманитардык жардам жеткирилди", - дешти мекемеден.