Сокулукта 48 жаштагы аял сууга чөгүп кетти

Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук суусуна 48 жаштагы аял чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү саат 15:30 чамасында Төш-Булак айылында Сокулук суусуна 48 жаштагы аял чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Сокулук райондук куткаруу кызматынан жалпы 8 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан