Соңку суткада коронавирус илдетинен дагы 10 адам каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг берип жатып билдирди.
"Тилекке каршы, коронавирус илдетинен каза болгондор катталып жатат. Акыркы суткада өлкө аймагы боюнча 10 адам каза болду. Алардын ичинен үчөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда, Ош облусунда бир жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду", - деп билдирди Рахматулаев.
СOVID-19 илдетинен жалпы каза болгондордун саны 2 миң 123 адамды түздү.