Италия курама командасынын дарбазачысы Жанлуижи Доннарумма "Евро-2020" турниринин мыкты оюнчусу болду. Бул тууралуу УЕФАнын маалыматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Доннарумма өзүнүн командасы менен "Евро-2020" турниринин бардык оюнуна катышкан. Топтук этапта ал өз дарбазасына бир дагы гол өткөрүп жиберген эмес.
Европа чемпиондугунун акыркы оюнунда командалар пенальти сериясына жетип, жеңүүчүнү аныкташы керек болчу. Доннарумма, Жейдон Санчо жана Букайо Сакинин соккуларынын мизин кайтарууга жетишкен. Дагы бир англиялык футболчу Маркус Рашфорд таамай сокку узата алган эмес.
Италия тарыхта экинчи жолу Европа чемпиону болду. Буга чейин ал 1968-жылы ушундай ийгиликке жетишкен. Дагы эки жолу, тагыраагы 2000-жылы жана 2012-жылдары италиялыктар күмүш медалдын ээси болушкан.