Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы селдин кесепетин кыска убакыт аралыгында жоюу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
"Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган тургундарга тиешелүү жардамдарды көрсөтүү тапшырмасы берилди. Өлкө башчы сел агызып, каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, кайгысын бөлүшөрүн баса белгиледи. Ал жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишине үмүттөнөт. Кыяндан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан мүмкүн болгон колдоо көрсөтүлөрү белгиленди", - дешти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, кечээ, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, ӨКМнын берген маалыматы боюнча, 7 адам каза болуп, алардын алтоосунун сөөгү табылгандыгын билдирген. Ал эми SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун 9 адамдын каза болгондугун айтып берген.